akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-16-05, 10:19

    Каржы министрлиги бюджетке 8,2 млрд сом тартууну пландоодо

    Эртең, 17-майда жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл жана 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

    Жайгаштыруу аркылуу 8 млрд 200 млн сом тартуу пландалууда.

    Мөөнөтү 3 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча купондук ставка 16,3%, 10 жылдык облигациялар үчүн 8% өлчөмүндө белгиленген.