akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-09-07, 06:37

    Каржы министрлиги 1,2 млрд сомдук мамлекеттик карызды фондулук рынокко жайгаштырды

    Алты айдын ичинде Кыргыз фондулук биржасында 1 миллиард 195,62 миллион сомго мамлекеттик баалуу кагаздар жайгаштырылды. 

    Жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздардын түзүмүндө жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык казына векселдеринин көлөмү 653,26 миллион сомду, ал эми 2 жылдык казына милдеттенмелеринин көлөмү 542,36 миллион сомду түздү. Ошол эле учурда векселдердин орточо кирешелүүлүгү учурда 11,7%ды түзсө, облигациялардын кирешелүүлүгү 14%ды түзөт.

    Мамлекеттик баалуу кагаздар инвесторлордун олуттуу кызыгуусун жаратып, Кыргызстандын фондулук рыногунда эң жагымдуу финансылык инструмент бойдон калууда. Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун негизги максаты - улуттук долбоорлорду каржылоо, бюджеттин тартыштыгын жабуу жана төлөө мөөнөтү келген мамлекеттик карызды кайра каржылоо.

    Бюджетте жыл сайын мамлекеттик баалуу кагаздарды тейлөөгө каражат каралат, бул алардын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылат.

    Эске сала кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздарды Kыргыз фондулук биржасынын соода платформасында жайгаштыруу 2023-жылдын май айында башталган.


    Тектеш материалды окуу