akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-20-09, 04:05

    Минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү аныкталды

    Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 2024-жылга карата киреше салыгын эсептөө үчүн минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Минималдуу эсептик киреше өлкөнүн Салык кодексинин 187-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кызматкерлердин кирешелерин кошпогондо жана 6-бөлүгүнүн ченемдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштегендердин алган кирешелеринин бардык түрлөрүнө колдонулат.

    Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот. 


    Тектеш материалды окуу