Жарыяланган
2023-17-08, 11:43Биринчи жарым жылдыкта Баткен облусуна 845,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Баткен облусун өнүктүрүү программасына 500 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле, 1-июлга чейин облуска республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттердин алкагында 255,6 млн сом берилген.
Мындан тышкары, аймактагы зыян тарткан ишкерлер бюджеттик насыя ала алышат. Бул максаттарга 90,2 миллион сом бөлүнгөн.