Жарыяланган
2020-05-02, 10:45«Жерүй» алтын кенинде 2019-жылдын ноябрь айы - 2020-жылдын январь айы аралыгында 35 миң тонна кен казылып алынды. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.
«1 тонна кенде орточо 1,85 грамм алтын бар», - деп жазылат маалыматта.
Учурда Жерүйдө курулуш-монтаж иштери аягына чыкты.
Алдыда Жерүйдө жасала турчу иштер:
- Металлоконстркуциянын монтажы, алтын бөлүп алуучу фабриканын башкы корпусун жана тегерек-четин тосуу, майдаланган рудалардын кампасы;
- Негизги техникалык жабдууну орнотуу, цехтерге түтүктүрдү туташтыруу;
- Борбордук жабдуу-аналитикалык лаборатриясы менен административдик-тиричилик комплекси (ичи жасалгаланууда);
- Трансформатордук үч подстанцияны камтыган өнөр-жай аянтчасындагы инженердик тармактарды, өндүрүш жана өрткө каршы суу камсыздоо системасы жана жылытуу менен канализациялык түтүктөрдү (80 пайызга даяр) орнотуу;
- Уулуу калдыктар сактала турчу жерди даярдоо (95 пайызга даяр).
Бардык иштер график боюнча жүрүп жатат.