Жарыяланган
2024-20-03, 10:20Бүгүн, 20-мартта Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды.
Сооданын жыйынтыгында 2 миллиард 179 миллион 710 миң 232 акция 10 миллиард сомго сатылды. Акциянын баасы 4,58777 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, акциялар биринчи рынокто сатылган, демек компания өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаштырууда.