akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-31-07, 04:57

    Биржага дээрлик 300 млн сомдук мамлекеттик облигациялар жайгаштырылат

    Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында 3-4-августта мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча эки аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

    Тактап айтканда, 3-августта жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон 62 миллион сомдук ГКОлорду жайгаштыруу боюнча соода болот.

    4-августта аукционго 230 миллион сомдук мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу пландалууда, алардын жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болот. Ошентип, жайгаштыруунун жалпы суммасы 292 миллион сомду түзөт.