Жарыяланган
2023-01-09, 07:26Ушул жылдын жети айында президенттик аппараттын бөлүмдөрүнүн чыгымдарына 800 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Анын 419 млн сому бөлүм кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалса, соцфондго кеткен чегерүүлөр 58 млн сомду түздү.
Андан кийинки эң көп чыгашалар имараттарды күтүүгө (83 млн сом), андан кийин техника жана аларды жабдууга кеткен чыгымдар 53 млн сомду түзгөн.
Белгилеп кетсек, мекеме тарабынан коммуналдык төлөмдөргө 47,9 млн сом жумшалган.