akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-08, 11:16

    Нарын-Баетов унаа жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө

    Нарын-Баетов унаа жолунда 8-13, 33-38, жана 84-120-чакырымдар аралыгында капиталдык ондоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

    Учурда жолдун 84-120-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери башталып, жарым чакырымдан ашык жол жасалды. Ал эми калган эки тилкеде жер жумуштары жүрүүдө. 

    2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесине ылайык, Нарын-Баетов унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган.