Жарыяланган
2024-07-08, 08:40Нарындын Куланак айылында сел жүрүп, куткаруучулар 3 үйдүн короо жайын тазалашты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Нарын районунда 6-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, 1 чарбалык көпүрө жабыркаган.
Жерине ӨКМдин Нарын райондук №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 турак үйдүн короо жайын жана 1 үйдүн ичин жана жертөлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен.
Калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми бүгүн, 7-августта Жарандык Коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.