Жарыяланган
2024-08-08, 06:52Нарын районунун Ак-Кудук айылында Омор уулу Кожоке атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.
Объектинин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. Мектептин курулуш-монтаждоо иштерин “Тунук Курулуш” ЖЧКсы жүргузүүдө.
Долбоор боюнча эки кабатуу окуу корпус, ашкана, спорт зал, өтмө галерея курулат. Объекттин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 90 пайызды түзөт.