Жарыяланган
2022-11-01, 10:07Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкекте иштеп жаткан төрт акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.
Алсак, ушул жылдын 12-январынан тартып 15 календардык күндүк мөөнөткө “Жетиген и Ко”, “Жетиген прупп”, “БМК Компани” жана “Жетиген Финанс” ЖЧКларынын лицензиялары токтотулду.
Такталгандай, тийиштүү чечим өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.