Жарыяланган
2024-10-05, 05:20Улуттук банк үч банктагы кызматка талапкерлерди бекитти.
Ошентип, Рубен Токтоналиев “Керемет Банк” ААКнын ички аудит башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Гүлзат Исманова "Толубай" акционердик коммерциялык банкы жабык акционердик коомунун ички аудит кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ошондой эле, Кантемир Чалбаев азыр “Евразия сактык банкы” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы.
Кошумчалай кетсек, чечимдер 7-майда кабыл алынган.