Жарыяланган
2024-16-07, 03:24Улуттук банк июнь айынын аягында 82 млн 769 миң сом зыян тарткан. Бул 509 млн 214 миң сом зыян тарткан май айындагы көрсөткүчтөн бир топ төмөн. Алсак, чыгым 426 млн 445 миң сомго, же 83,7%га кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктын июнь айынын каржылык баяндамасында айтылат.
Эске салсак, Улуттук банк январь айынан май айына чейин жарым миллиарддан ашык чыгым топтогон. 2024-жылдын январь айында жоготуу 126,5 млн сомду түзгөн, андан кийин мартты кошпогондо чыгым өскөн. Мартта февраль айына салыштырмалуу жоготууларды 17,3 млн сомго азайтуу мүмкүн болгон. Натыйжада Улуттук банк биринчи кварталды 127 млн 950 миң сом, экинчи кварталды 82 млн 769 миң сом чыгым менен жапты.
Салыштыруу үчүн, 2023-жылдын январь айынан июнь айына чейинки мезгилде Улуттук банк 7 млрд 848 млн сом киреше алган.