Жарыяланган
2021-14-06, 04:45Расмий курс боюнча, сом бардык негизги валюталарга карата төмөндөдү. Ошентип, доллар 0,29% га жогорулап, бирдигине 84,5 сомду түздү, евро дагы 0,29% га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктан мааалым болду.
Рублге салыштырмалуу кыргыз сому 1,02% га төмөндөп, теңгенин курсу 0,35% га жогорулады.
Коммерциялык банктарда доллардын курсу америкалык валютанын бирдигине 84,4 сом, евро - 101,7 сом болууда.