Жарыяланган
2024-27-03, 05:22Улуттук банк Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүүнү улантат. Ага ылайык, эки токтомдун мөөнөтү ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартылды.
Бул Баткен жана Ош облустарындагы каржы институттарынын кардарларын колдоо, ошондой эле Баткендик насыя алуучуларга кредит берүү маселелерине тиешелүү.
Мындай иштер 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарга жана ишкерлерге жардам көрсөтүү максатында жасалууда.