Жарыяланган
2024-12-03, 04:38Быйылкы жылдын январында өлкөгө акча которуулардын агымы 55,6%га өстү. Мындай тыянакка Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматтарын изилдөө аркылуу келсе болот.
Алсак, ушул жылдын биринчи айында жеке жактар 259 миллион доллар алса, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сумма 166,4 миллион долларды түзгөн.
Кызыгы АКШдан акча которуулардын агымы 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 57,57%га көбөйүп, 5,2 миллион долларды түздү.
Акча которуулардын негизги көлөмү Орусиядан келет. Быйыл ал жактан сумма 61,3%га көбөйүп, 244,1 млн доллар болду.
Казакстан менен Түркиядан сумма 94,2% жана 26,3%га азайган.