Жарыяланган
2023-06-01, 03:00Өткөн 2022-жылдын январь-ноябрь айларында транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 9,6 миллион тоннага же 31,6 %га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Ага ылайык, 2022-жылдын ноябрь айында өткөн жылдын ноябрь айына салыштырганда транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 600 миң тоннага же 15,8 %ке көбөйдү. Ал эми мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок.
Мында жүктөрдү автомобиль ташууларынын негизги көлөмү (68%дан ашыгы) жеке ишкерлерге туура келген.