akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-03-08, 04:54

    КФБнын биринчилик рыногунда сооданын көлөмү 2,7 миң эсе өстү

    Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында 24-июлдан 28-июлга чейин 5,4 миллиард сомго 28 бүтүм жасалды. Мындай өсүш НЭСКтин акцияларын биринчилик рынокто сатуу менен камсыз болгон. Сумма 5 млрд 395 млн сомду түзөт. 

    Энергетикалык компаниядан тышкары OXUS, Elet-Capital, ABN, Star Tire жана Dos-Kredobank компанияларынын корпоративдик облигациялары менен операциялар аз көлөмдө – 13,08 млн сом менен катталды.

    Экинчи рынокто компаниялардын акциялары менен 3,03 миллион сомго 7 гана бүтүм жасалган. Көлөмү боюнча "Кредиттик союздардын Финансылык компаниясы" ААКнын жөнөкөй акциялары менен 2,85 млн. сомго жүргүзүлгөн операцияларды бөлүп көрсөтүүгө болот, бүтүмдөр боюнча акциянын баасы 0,75 сом деңгээлинде болгон.