Жарыяланган
2023-26-12, 06:222023-жылдын он айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 1 млрд 612 млн долларга жакын акча которулган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 886,5 млн долларга же 35%га аз.
Белгиленгендей, которулган акчанын эң көбү 1 млрд 464 млн доллары Орусиядан которулган.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 918 млн долларга же 38%га аз. Ошондой эле, АКШдан 37,9 млн доллар (-19%), Казакстандан - 16,3 млн доллар (+424%) жана Түркиядан - 14,7 млн доллар (+68%) которулган.