Жарыяланган
2021-15-02, 06:45Орусия бийлиги бизнести колдоонун жаңы пакетин түздү. Анда 150-200 млрд рубль каражат ишкерлерди колдоого бөлүнөрү жазылган. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.
[news 32398]
Андан сырткары, эмгек акыны төлөө үчүн нөлдүк ставка менен насыя берүү, корпоративдик салык карыздарын жоюу, кичи жана орто ишканалар жана жаңы кызматкерлер үчүн карыз берүү мүмкүнчүлүктөрү кирет.
Экономика министрлигинен белгилешкендей, бизнести колдоо үчүн башка мамлекеттик органдар менен дагы тыгыз иштешүү керек болот.