Жарыяланган
2024-14-08, 03:41Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак тилкесинде тоо-кен байытуу комбинаты ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ачылыш аземге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты.
Облус жетекчиси өз сөзүндө тоо-кен иштетүү комбинаты башка көмүр өндүрүүчүлөргө үлгү болоорун белгилеп, учурда майда көмүрдү кайра иштетүү менен экологияга зыян келтирбей, таза байытылган көмүрдү өндүрүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилеп кетсек, тоо-кен байытуу комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына болжол менен 1 миң 200 тоннаны түзүп, айына 36 миң тонна таза нейтралдаштырылган байытылган көмүр өндүрүлөт.