Жарыяланган
2020-18-12, 04:00Коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
[news 30970]
Анын айтымында, комиссия 30 адамдан турат. Курамында эки депутат бар.
«Комиссия 10 күн аралыгында коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт», - дейт ал.
Сурабалдиева бул маселе боюнча ызы-чуу болушун четке каккан жок.