Жарыяланган
2023-29-12, 10:15Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери патентке алынуучу акчаны өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук салык кызматынын инспекторлору райондогу базарда иштеген соодагерлердин патентке төлөөчү акчасын жыйнап, өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн.
“2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен аталган бөлүмдүн башчысы С.С.К жана эки инспектор Н.У.С. жана А.М.К кармалып, өлкөнүн №53 СИЗОсуна киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.