Жарыяланган
2023-20-11, 07:55Келе жаткан 2024-жылында Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Маалыматка ылайык, буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 997 млн сом каралууда.
"Азырынча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү планыбыз бар. Кийинки жылдын биринчи жарымындагы акчанын түшүүсүнө жараша 1-октябрда көтөрүү боюнча так маалым болот", - деди ал.