Жарыяланган
2020-02-06, 14:00Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов чек ара маселеси, ЕАЭБдеги Кыргызстандын кызыкчылыгы жана декларация тууралуу жакын арада биринчи окуудан колдоо тапкан мыйзам долбоору тууралуу маек курду.
[news 24796]
Маек учурунда эл өкүлү чек ара тууралуу айрым маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, бул тууралуу ачык-айкын айта албастыгын билдирди.
«Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети», ар бир чек арада чырдуу окуя болгон сайын жыйын өткөрүп, маселенин чечүү жолдорун талкуулайбыз. Бирок, айрым маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, ачык - айкын айтканган болбойт. Биз тараптан бир катар сунуштар кошуна өлкөлөргө берилгени менен, иш жүзүндө аткарылбай, чечкиндүү кадамдар жасалбай жатат», - деп айтты депутат.
Андан сырткары, кыргызстандык жүк ташуучулар 3 күндөн бери Казакстандын чек арасынан негизсиз өтөрүлбөй жаткандыгына байланыштуу, «Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети», коңшу өлкө менен маселе чечилмейинче, ЕАЭБ боюнча бир катар ратификацияларды карабай туруу чечимин, бүгүнкү, 2-июндагы жыйында чыгаргандыгын билдирди.
[news 22220]
Эске сала кетсек, депутат жакында эле өзү демилгелеген декларация тапшырууда мүлкүн, кирешесин жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.