akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-14-12, 05:45

    «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында 4,7 млрд сомдон ашык насыя берилди

    “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорунун үч категориясы боюнча жалпы суммасы 4 миллиард 718,2 миллион сомго 8 миң 280 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Белгилеп кетсек, акыркы отчет 6-декабрдан бери дагы 6 насыя берилген. 

    • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” категориясы боюнча жалпы суммасы 1 миллиард 203,8 миллион сомго 2 миң 935 насыя берилген.
    • “Мал чарбачылыгы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 миллиард 434,6 миллион сомго 4 миң 994 насыя берилген.
    • “Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү” багытында жалпы суммасы 1 млрд 79,7 млн ​​сомдук 351 насыя берилген.

    Кошумчалай кетсек, насыялар “Айыл Банк”, “РСК Банк”, “KICB”, “Капитал Банк”, “Коммерциялык банк Кыргызстан”, “Кыргызкоммерцбанк” жана “Капитал Банк” банктары аркылуу берилет.