Жарыяланган
2022-28-10, 11:01Баткен облусунда үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсацияга 139 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Белгилеп кетсек, Баткендеги чек арадагы чыр-чатакта жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 330 миллион 755 миң сом которулган. Анын 139 миллион 552 миң сому бир жолку компенсацияга жумшалган.
“Өткөн жылдагы 4 млн 898 миң сом калдыкты кошкондо, жумшала элек каражат 196 млн 101,5 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.