Жарыяланган
2021-05-03, 03:50Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
[news 32922]
Чарбакер субъекттердин чарбачылык ишин жана бизнес-түзүмдөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттери тууралуу түшүп жаткан даттанууларга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жөнүндө өтүнүчтөргө байланыштуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында, КР Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
— Кыргызстандын жана чарбакер субъекттеринин банктык эсептерин текшерүүнү токтото туруу;
— өздүк териштирүү/өздүк коопсуздук кызматтарынын ишин өздөрүнүн төмөнкү кызматкерлеринин иштеринин бетин ачуу, токтотуу жана тиешелүү жоопкерчиликке тартуу (бошотуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу) бөлүгүндө активдештирүү:
ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун чарбалык ишине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылууга багытталган башка аракеттерди жасаган;
мыйзамсыз ишкердик ишти, товарлардын контрабандасын жана башка экономикалык кылмыштарды кылган адамдарга жана субъекттерге көмөк көрсөткөн;
коррупциялык/кызматтык кылмыштарга аралашкан;
— өздүк курамдын арасында жогоруда аталган укук бузууларды жасоого жол бербөөгө багытталган профилактикалык мүнөздөгү алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү.
— ишкердик субъекттердин уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин жана кызматкерлерин КР Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча (коррупция) жазык жоопкерчилигине тартууну;
— чарбакер субъекттердин ортосунда пайда болуучу экономикалык талаштар боюнча жазыктык сотко чейинки өндүрүштү жана жазык жоопкерчилигине тартууну;
— экономикалык кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө кайрылуулар жана арыздар боюнча ишкердик субъекттердин кызмат адамдарын мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын тиешелүү актылар жана эксперттик корутундулар менен ырастоосуз жазык жоопкерчилигине тартууну жана жазыктык сотко чейинки өндүрүштү (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 230-232-беренелери);
— ишкердик субъекттерин (уюштуруучуларды (катышуучуларды), жетекчилерди жана башка кызмат адамдарын) кылмыштардын экономикалык түрлөрүн жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууну.
Эске салсак, Россия Федерациясы менен Казакстанга болгон иш сапарларынын алкагында Президент Садыр Жапаров чет элдик ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда Кыргызстанда жакынкы мезгилде инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүү жана ишкерлик кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынарын белгилеген.