Жарыяланган
2021-15-03, 10:002021-жылдын 17-мартында Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.
[news 30866]
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.
Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргызстандын аймагында тазаланат.
Улуттук банк алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.