akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Кактус

    Жарыяланган

    2020-28-12, 06:25

    Президенттикке талапкерлер үгүт иштерине 94 млн сомдон ашык акча коротушту

    Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрга карата президенттикке талапкерлер үгүт иштерине канча акча каражатын короткону тууралуу маалымат таратты.

     

    [news 28888]

     

    Ага ылайык, талапкерлер жалпы 94 млн 640 миң 746 сом коротушту:

    1. Садыр Жапаров - 50 439 859;
    2. Канатбек Исаев - 1 165 815;
    3. Мыктыбек Арстанбек - 1 115 750;
    4. Клара Сооронкулова - 1 020 370;
    5. Имамидин Ташов - 3 685 510;
    6. Рашид Тагаев - 3 156 577;
    7. Абдил Сегизбаев - 3 632 305;
    8. Адахан Мадумаров - 2 612 826;
    9. Аймен Касенов - 3 506 593;
    10. Улукбек Кочкоров - 1 343 950;
    11. Жеңишбек Байгуттиев - 2 827 816;
    12. Эльдар Абакиров - 1 502 831;
    13. Курсан Асанов - 2 424 702;
    14. Арстанбек Абдылдаев - 1 577 781;
    15. Равшан Жээнбеков - 2 316 293;
    16. Бактыбек Калмаматов - 1 350 465;
    17. Бабыржан Төлбаев - 9 264 488;
    18. Каныбек Иманалиев - 1 696 815 сом.

    Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.