Жарыяланган
2021-26-10, 06:29Улуттук банк акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту.
Тактап айтканда, 22-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Нурзаман ЛТД" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын уруксаты убактылуу токтотулган.
Буга Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.