Жарыяланган
2021-12-05, 07:30Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-апрель айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 4% түздү.
Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 6,2% га, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,5% га, азык-түлүк эмес товарлар 2,6% га, тарифтер жана калкка көрсөтүлгөн кызматтар 0,9% га жогорулаган.
Белгиленгендей, быйыл апрель айында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өткөн айга салыштырмалуу жогорулашы бардык аймактарда белгиленди. Ошол эле учурда, эң жогорку өсүш Нарын облусунда (1,9%) катталды.