Жарыяланган
2022-18-01, 04:38Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдагы бюджети 3 млрд 391 млн сомду түзүп, 86,7%га көбөйгөн. Мындай маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде бюджеттик каражаттардын чыгашасы 132,5 млн сомго көбөйүү менен 1 млрд 457,6 млн сомду, атайын эсептин чыгашалары мурда бекитилген бюджетке салыштырмалуу 1 млрд 442,3 млн сомго көбөйүү менен 1 млрд 933,3 млн сомду түздү.
Буга чейин эсепке алынбаган чыгашалар себеп.
Мындан тышкары атайын эсептин каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 1 млрд 442,3 млн сомго көбөйүшү жыл башындагы 969,7 млн сом өлчөмүндөгү каражаттардын калдыгын бекитүүгө байланыштуу. Ошондой эле, каражаттарды эффективдүү пайдалануу максатында Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинде топтолгон каражаттардын көлөмү 472,6 млн сомго көбөйтүлдү.