Жарыяланган
2024-13-03, 06:09Чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январында 33,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын январь айына салыштырмалуу номиналдык эмгек акы 12,7%га, ал эми реалдуу эмгек акы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 6,4%га өскөн.
Экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда 2024-жылдын январында 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу орточо номиналдык эмгек акынын өсүшү байкалган.