Жарыяланган
2022-30-09, 09:38Аталган компания Орусиядагы кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга, Лондонго жана Бириккен Араб Эмираттарына алып чыгып кетти. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы компанияга жакын булактарына таянып маалымдады.
“Компаниянын Орусиядагы чакан кызматкерлер тобу Кыргызстанга көчүп келишти. “Apple” компаниясынын өкмөттүк мамилелеринин учурдагы жетекчиси Назим Турдумамбетов да ушул өлкөдөн", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлерин көчүрүү иштери жаз айларында башталган.