Жарыяланган
2019-15-03, 08:57Россиянын банктары АКШ долларына көз каранды болбогон «суверендүү» системаны киргизүүгө камынып жатат. Анткени, АКШ жакын арада Кремель менен кызматташкан уюмдарды кара тизмеге киргизүү боюнча жаңы мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу «Рамблер» басылмасы Reuters агентигине таянып жазып чыкты.
Доллар менен эсептөөбөгө Россия Федерациясынын баардык банктары кабылат. Анда эки чоң коркунуч бул – SWIFT банк системасынан чыгуу жана АКШ келген валюта долларга тыюу салуу болушу күтүлүүдө.
Россиянын финансы минстрлиги санкция болсо андан чыгуунун жолдорун издөөдө: буга кабылган банктар корэсептөө россиялык «таза» банкта жасалат. Жыйынтыгында валюта узун чынжырда өтүп, санкцияга кабылган операцияны көзөмөлгө алуу кыйынга турат.
Россиянын банктарынын ассоциациясынын башчысы Гарегин Тосунян айтымында, эгерде мыйзам кабыл алынса, россиялык банктарга анын таасири анчалык күчтүү болбойт.
«Россиялык банктардын доллардык коруна эч ким конфискация жасабайт. Америкалыктар орус банктарын — доллар менен эсептөө жасоосуна тыюу салышы каралууда. Бул банк системасы үчүн жагымсыз жагдай бирок, аябай деле коркунучтуу эмес» — деп айтты ал.
Россиялык банктардын SWIFT системасынан чыгуусу 2014-жылдан бери талкууланып келе жатат. Жогорку Экономика мектебинин (ВШЭ) банк институту боюнча директору Василий Солодков пикиринде, Россияны SWIFT системасынан чыгаруу, ашыкча чектен чыгуу катары баалайт.
«SWIFT системасы Американын юрисдикциясына тиешелүү уюм эмес. Анын башкы кеңсеси Бельгияда жайгашып, кайсыл бир өлкөнү SWIFT системасынан чыгарууга АКШ Евробиримдикке сураныч жөнөтүп, аны системанын жетекчилиги карайт. Айтмакчы, АКШ аларга сунуш гана бере алат, бирок буюрук эмес. Ошондуктан, Брюссель гана бул системадан чыгар алат, эгерде ЕБ санкциясы болсо» —деп кошумчалады эксперт.