Жарыяланган
2021-25-02, 04:15Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
[news 30319]
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.
Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.