Жарыяланган
2022-01-11, 06:29Былтыркы жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 миллиард 332,4 миллион долларды түздү, деп маалымдайт Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, өткөн жылы республика дүйнөнүн 131 өлкөсү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн.
Ошол эле учурда 2021-жылы Кыргызстандын үч негизги соода өнөктөшүнүн катарына соода жүгүртүүсү 2 миллиард 304,9 миллион долларды же жалпы соода көлөмүнүн 27,7%ын түзүп Россия, товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 527,9 млн, же 18,3%га долларга жетип Кытай жана 1 млрд 44 млн долларды же 12,5% менен Казакстан кирди. Өзбекстан менен өткөн жылы соода келишимдери 469,9 миллион долларга (жалпы көлөмдүн 6%), Түркия менен 412,2 миллион долларга (4,9%), Улуу Британия менен 245,4 миллион долларга (2,9%) жеткен.
Документте акыркы беш жылда товарлардын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндө экспорттук берүүлөрдүн үлүшү 28,2 пайыздан 33 пайызга чейин өскөндүгү, ал эми импорттун үлүшү, тескерисинче, 71,8 пайыздан 67 пайызга кыскарганы белгиленген.