Жарыяланган
2021-19-02, 10:50Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россиянын Бириккен дан компаниясынын директорунун биринчи орун басары О. Солдатенков жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
[news 22116]
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буудай, ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.
Россиянын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү бир катар ишканалар менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.