akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2023-14-07, 06:52

    Салык кызматынын маалыматтык системасы убактылуу иштебейт

    Мамлекеттик салык кызматынын маалымат системаларында 16-17 жана 23-24-июль күндөрү техникалык иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

    Буга ушуга байланыштуу, "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулу, ошондой эле атайын операторлордон отчетторду кабыл алуу боюнча сервистер жана башкалар убактылуу жеткиликсиз болот.

    Техникалык иштер маалыматтык системаларындагы процесстерди оптималдаштыруу жана иштин сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.

    Техникалык иштерди жүргүзүү учурунда каталардын болушуна жол бербөө үчүн салык кызматынын системаларындагы ишти токтотуп туруу сунушталат.

    Ошондой эле, "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунун ишин жакшыртуунун алкагында таризделген документтер жана модулдагы иш-аракеттер боюнча товарларды эсепке алууну контролдоо ишке киргизилет.

    Техникалык каталар же товарлардын маанилеринде айырмачылыктар табылган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн техникалык жана консультациялык колдоо кызматына төмөнкү номерлер боюнча кайрылса болот: (0221) 00-01-16, (0776) 00-01-16, (0508) 99-66-69, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16 (Telegram, Whatsapp) жана (0312) 61-01-67.

    Тектеш материалды окуу