Жарыяланган
2020-30-07, 05:002020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Европа менен КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө бензинге болгон баа 2019-жылга салыштырмалуу ылдый болгон. Баалардын эң чоң төмөндөөсү Азербайжанда (-28 пайыз), Украинада (-15.4 пайыз) жана Румынияда (-14 пайызды) түзгөн. Кыргызстанда 2020-жылы бензинге болгон баа 5.6 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматтарды Picodi порталы келтирет.
Белгиленгендей, Европа жана КМШ мамлекеттери ичинен бензиндин 1 литрине болгон эң төмөн баа Казакстанда байкалып, 0.42 долларды түзгөн.
[news 26414]
Муну менен, орточо айлыкка төмөнкү көлөмдөгү күйүүчү майды алууга болот:
[news 26561]
Белгилей кетсек, дүйнөлүк рейтингде Персия булуңунун өлкөлөрү алдыңкы орундарды ээлейт. Саудия Арабиясында, Катарда жана Кувейтте орточо айлыкка 5.1 миңден литрден 8.2 миң литрге чейин бензин сатып алууга болот. Эң төмөнкү позицияны Куба ээлейт – болгону 28 литр.