Жарыяланган
2022-15-12, 10:06Улуттук банк 16-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылды.
Маалымат боюнча, сом еврого карата 0,17% жана рублга карата 1,61%га кымбаттап, тиешелүүлүгүнө жараша 90,2381 жана 1,3240 сомду түздү.
Ал эми доллар менен теңгенин курсу өзгөргөн жок.