Жарыяланган
2023-13-09, 09:00Быйыл Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын чыгашалары 5 млрд 607,1 млн суммасында каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын ичинде бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар 2 млрд 837,7 млн сомду, ал эми мамлекеттик инвестициялык каражаттар 2 млрд 769,4 млн сомду түзөт. Бюджеттик каражаттардын эсебинен ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 162,1 млн сом каралган. 2023-жылдын 31-августуна карата 100% каржыланган.
Жыл ичинде төмөнкү багытарга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган:
“Жакынкы жылдары Финансылык-кредиттик фонд тарабынан Суу кызматына атайын техникаларды сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнсө, анын 350 млн сому жыл аягына чейин бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта.