akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-07, 09:30

    Сузак районунда «Көк-Арт» чакан ГЭСи ачылды

    Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

    Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат. 

    "ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду", - деп айтылат маалыматта. 

    Өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандыра тургандыгы белгиленди.