akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2021-05-10, 10:30

    Сузакта 49 млн 500 миң сомго курулган мектеп ачылды

    Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 420 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

    Мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 49 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

    Аталган айыл аймактагы буга чейинки 320 орундуу мектепке окуучулар батпай калган.