Жарыяланган
2024-25-06, 04:00Талас облусунун Бакай-Ата районунда кечээ катуу жаан менен мөндүр жаап, табигый кубулуштун кесепетинен Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи Май айылдарында 50 гектарга жакын эгин жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал эми Боо-Терек айылында катуу шамалдан 15ке жакын турак жайдын чатырлары учурулган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жана облустун акими айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды аныктоо иштерин баштайт.