Жарыяланган
2021-04-03, 05:35Талас үй-бүлөлүк медициналык борборун оңдоп-түзөөгө дээрлик 47 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
[news 29880]
160 орундуу борбор Талас облусунун Көк-Ой айылында жайгашкан, оңдоп-түзөө иштери өткөн жылдын август айында башталган. Жалпысынан 47 млн 322 мин сом коротулган.
Капиталдык оңдоп-түзөө башталгандан бери республикалык бюджеттен жана аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөнктөштөн 22 млн 500 миң сом бөлүнгөн.