Жарыяланган
2024-23-02, 11:17"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бонецкий лабораториясында 50%дык жеңилдик менен текшерүүдөн өтө алат. Бул тууралуу "Reporter.kg" жазды.
Бонецкий "Тазалык" менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Ага ылайык "Тазалыктын" өлкө боюнча 1600дөй кызматкери Бонецкий лабораторияларында 50%дык арзандатуу менен текшерүүдөн өтө алат.
Келишим 1 жылга түзүлдү.