Жарыяланган
2024-08-05, 04:17“Текстил Транс” ЖЧКсы облигациялар боюнча төлөнгөн кирешесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Кошулган кирешенин суммасы 3 млн 996 миң 200 сомду түзүп, 109 облигация кармоочуга бөлүштүрүлгөн.
Маалым болгондой, буга чейин 92 баалуу кагаз кармоочу 3 млн 988 миң 600 сом төлөмдү алса, калган 17 облигация ээси жок болгондугуна байланыштуу төлөй албай калган.